“Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ №4-3

 

23-январь 2025-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы 

                       

“Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндөгү” Жобону

бекитүү жөнүндө

                                                                                        

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” № 296 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн типтүү жобонун 2-пунктунун 2.2.-подпунктуна ылайык жобонун долбоорун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:   

                    

  1. “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндөгү” жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (1-тиркеме тиркелет)

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

                                                                                                          

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                           

 

 

          Каттоо № 3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин 

кезексиз IV сессиясынын

23-январь 2025-жылдагы

                                                                                                  №4-3 токтомуна 1-тиркеме

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын  «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
  3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
  4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөө
  5. Жергиликтүү комиссия
  6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

 

  1. Жалпы жоболор
    1. Бул жобо «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгына ылайык,жергиликтүү калктын сөөк коюудагы өзгөчөлүгүн эске алып иштелип чыгып, жергиликтүү жамааттын кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
    2. Жобонун максаты Ат-Башы айыл аймагында жана башка конуштарда маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ишин ирээтке келтирүү аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, салттуу динибиздин үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура каада-салтын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.

 

  1. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
    1. Ат-Башы айыл аймагында  «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин  № 54 Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, аксакалдардын, аялдардын жана жаштар уюмдардын, аксакалдар сотунунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы иш алып барат.
    2. Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда, социалдык тармактарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан кеңештин сессиясында бекитилет.
    3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сайтына жарыяланат.

 

  1. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби

3.1   Айыл өкмөтү тарабынан: 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №  296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын аткаруу боюнча ишти көзөмөлдөө;

- Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, социалдык баракчаларда чагылдыруу;

3.2    Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан:

-   Жер жерлердеги участкалык инспекторлордун айыл аймактарда аталган багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тыгыз көмөк көрсөтүү менен мыйзамдуулуктун, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;

3.3   Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан:

- Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жобонун негизинде алып баруу.

 

4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

4.1  Жобого ылайык маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына райондун акими, орун басарлары, айыл өкмөтүнүн башчылары, орун басар, жооптуу катчылары, имамдар жана жергиликтүү комиссия кирет.

 

  1. Жергиликтүү комиссия

 

5.1 Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө № 54 Жарлык боюнча түзүлгөн комиссиялар «Маркумду узатуу  жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө» иш алып барат.

5.2    Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү «Маркумду  узатуу жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө» ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузган убакта ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүп, акт түзөт, ал тууралуу комиссияда маселе каралат.

5.3     Жергиликтүү комиссия тартип бузгандарга чара көрүү, айып пул салуу боюнча Ат-Башы айылдык Кеңештин сессиясына кайрылуу сунуштайт.

 

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

6.1   Маркумду узатуу   жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет