Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз III сессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-3

 

27-декабрь 2024-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы  

                       

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын

 дем берүүчү (үлүштүк) грантына  даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө 

                                                                                        

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                      

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган “А. Керимбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу” долбоору жактырылып, бекитилсин;
  1.  “А. Керимбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу” долбоору үчүн 723900 (жети жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата  бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин;
  1. Долбоорду тийиштүү тарапка тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                            

 

Каттоо № 113

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет