Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ №3-2
27-декабрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды
бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;
- Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
№ |
Долбоордун аталышы |
Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы |
Долбоордун жалпы суммасы |
1 |
Ат-Башы айылындагы “Аттын башы” монументин реконструкциялоо |
1 774 233,6 |
8 871 168 |
2 |
Микроавтобус алуу
|
500 000 |
3 000 000 |
|
ЖАЛПЫ: |
2 274 233,6 |
11 871 168 |
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 112