Ветеринария кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85
1.Айыл өкмөттүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси.
Квалификациялык талаптар:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим ( ветеринария жана айыл чарба)
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөндөгүлөрдү билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;
- компьютерде, интернет байланыш программаларында иштей билүүсү;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу;
Кызматтык милдеттери:
- мал чарбачылыгынын абалын жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын санын көбөйтүү боюнча чара көрүү, алардын эсебин алууну уюштуруу;
- мал-жандыктарга ветеринария-санитариялык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыгында селекциялык асылдандыруу иштерин текшерүү жана өз учурунда сапаттуу жүргүзүүнү уюштуруу;
- айылдын аймагындагы малдардын бардык түрүн, канаттууларды жыл ичинде эки жолудан жугуштуу ооруларга каршы канын текшерип, алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүп туруу;
- бруцелез оорусу менен ооруган уй-торпокторду өз убагында 15 күндөн кечиктирбей чектелген комиссиялардын катышуусу менен сойдуруп жоготуу;
- мал ээлеринин малын жазында жана күзүндө айыл өкмөттүн санак комиссиясынын катышуусунда малдын эсебин алып, санак жүргүзүп туруу;
- айылдын ички жайытына багылуучу уйлардын, кой эчкилердин бадасынын уюштурулушуна катышуу жана ветеринардык- санитардык кароо жасап туруу;
- Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ветеринардык сервистер менен бирдикте айыл аймактагы мал ээлеринин баардык малынын түрлөрүн жугуштуу ооруларга каршы алдын ала вакцина сайып эмдөөлөрдү, дарылоону, купкалоону жүргүзүү;
- айыл аймактагы малдарды идентификациядан өткөрүү.
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81