Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ №3-1
27-декабрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды
бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;
- Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
№ |
Долбоордун аталышы |
Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы |
Долбоордун жалпы суммасы |
1 |
“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруучу техника алуу |
1 270 000 |
6 350 500 |
2 |
“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына манипулятор техникасын алуу |
1 072 600 |
5 363 000 |
3 |
“Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына суу себүүчү техникасын алуу |
544 950 |
2 724 750 |
4 |
Ак-Жар айылында салынып жаткан спорт комплекстин курулуш ишин улантуу |
8 200 000 |
40 750 000 |
|
ЖАЛПЫ: |
11 087 550 |
55 188 250 |
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 111