Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ №2-3
20-декабрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 сандуу токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобосуна ылайык жергиликтүү калктын дээрлик баардыгы кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун, юридикалык күчүн камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиялары мамлекеттик тилде өткөрүлүп, токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын;
- Кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Нарын облустук юстиция башкармалыгынан суралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 110