Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги I сессиясынын

 

 

ТОКТОМУ №1-4

 

28-ноябрь 2024-жыл                                                                                        Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы  айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутатарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
  1. Курманалиев Талант Искендерович;
  2. Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна;
  3. Муканмет уулу Анарбек;
  4. Алымбекова Акылай Ишеналиевна;
  5. Надырбекова Самара Токтоналиевна;
  6. Тыналиева Сагынбүбү Күмөндөровна;
  7. Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович.

                      

  1. Түзүлгөн комиссияга өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   У. Мелис уулу                          

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 106

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет