Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ №1-2
28-ноябрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин жетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин төрагасы болуп Мелис уулу Улукбек шайлангандыгы белгиленсин;
- Төрага Мелис уулу Улукбектин шайлангандыгы тууралуу Нарын облусунун юстиция башкармалыгына маалымдалсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин убактылуу төрагасы Б. Омокоев
Каттоо № 104