Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ №1-1
28-ноябрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: Ы. Мөндүрбаева
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: С. Пазылахунова
Д. Албанова
- Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо калыс, таза жүргүзүү жагы тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин убактылуу төрагасы Б. Омокоев
Каттоо №103