Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулд
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XXI сессиясынын
ТОКТОМУ №21-2
12-сентябрь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А.Каленовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселе сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбогондуктан, канааттандыруусуз калтырылсын;
2. Бул токтомду арыз ээсине тааныштыруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А.Каленов милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода –сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 102