Ветеринар кызмат ордуна сынак жарыялайбыз

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85

 

1.Айыл өкмөттүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси.

Квалификациялык талаптар:

- тийиштүү багыттагы  жогорку билим ( ветеринария жана айыл чарба)

- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөндөгүлөрдү билүүсү:

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы  мыйзамдарды;

- КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;

- КР «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамын;

- КР «Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамын;

- КР «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;

-кызматтык  милдеттерди аткаруу үчүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

- компьютерде, интернет байланыш программаларында иштей билүүсү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу;

 

Кызматтык милдеттери:

- мал чарбачылыгынын абалын жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын санын көбөйтүү боюнча чара көрүү, алардын эсебин алууну уюштуруу;

- мал-жандыктарга ветеринария-санитариялык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыгында селекциялык асылдандыруу иштерин текшерүү жана өз учурунда  сапаттуу жүргүзүүнү уюштуруу;

- айылдын аймагындагы малдардын бардык түрүн, канаттууларды жыл ичинде эки жолудан жугуштуу ооруларга каршы канын текшерип, алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүп туруу;

- бруцелез оорусу менен ооруган уй-торпокторду өз убагында 15 күндөн кечиктирбей чектелген комиссиялардын катышуусу менен сойдуруп жоготуу;

- мал ээлеринин малын жазында жана күзүндө айыл өкмөттүн санак комиссиясынын катышуусунда малдын эсебин алып, санак жүргүзүп туруу;

- айылдын ички жайытына багылуучу уйлардын, кой эчкилердин бадасынын уюштурулушуна катышуу жана ветеринардык- санитардык кароо жасап туруу;

- Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ветеринардык сервистер менен бирдикте айыл аймактагы мал ээлеринин баардык малынын түрлөрүн жугуштуу ооруларга каршы алдын ала вакцина сайып эмдөөлөрдү, дарылоону, купкалоону жүргүзүү;

- айыл аймактагы малдарды идентификациядан өткөрүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;

2.өздүк каттоо баракчасы;

3. сүрөтү 3х4,  2 шт.;

4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

6.паспорттун көчүрмөсү;

7.резюме;

8.өмүр баян;

 

Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет