Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнө эмгек ветераны, Социалисттик эмгектин женүүчүсү жана Ленин орденинин ээси,маркум Жаныгулов Мамбетаалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын
ТОКТОМУ №20-12
28-август 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнө эмгек ветераны, Социалисттик эмгектин женүүчүсү жана Ленин орденинин ээси,маркум Жаныгулов Мамбетаалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Н. Жаныгулованын атасы маркум Жаныгулов Мамбетаалынын атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде 2024-жылдын 27-августундагы Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунун протоколун эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнө эмгек ветераны, Социалисттик эмгектин женүүчүсү жана Ленин орденинин ээси, маркум Жаныгулов Мамбетаалынын ысымы ыйгарылсын;
- Көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан баардык чыгымдарды каржылоо жана катар номерлерин жасатып илүү жагы Жаныгулов Мамбетаалынын балдарына милдеттендирилсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо №99