Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын
ТОКТОМУ №20-8
28-август 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берилсин;
- Жогорудагы жер аянтына оюн-зоок, ат оюндарын өткөрүү жылдын 1-октябрынан 1-апрелине чейинки убакытка уруксат берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 95