Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун 2024-жылдын 25-августундаг
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын
ТОКТОМУ №20-7
28-август 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун 2024-жылдын 25-августундагы чыгыш №15 сандуу кайрылуу
катын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун кайрылуу каты Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын каршы билдирүүлөрүнөн улам канааттандыруусуз калтырылгандыгы белгиленсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 94