Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ №20-6

 

28-август 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Ат-Башы районунун

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына

сунуш берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинде жалпы 31 мандат, анын ичинен 13 мандат аялдарга берилген квота боюнча, жалпы төмөндөгүдөй көп мандаттуу 8 округ шайлоо округдары түзүлсүн:

 

№1 Токой шайлоо округу (УШК №4001), мандаттын саны 5. Анын ичинен 2 мандат   аялдар үчүн резерв.

Дареги: Ат-Башы айылы, А.Иманбердиев көч. №125.  

Борбору:  А.Керимбаев атындагы орто мектеп.

Чек арасы: Ат-Башы айылынын  С.Абыкеев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки Т.Өмʏрзаков көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарабы жана М.Өмʏракунов көчөсʏнөн Тянь-Шань көчөсʏнө чейин, Ат-Башы көчөсүнүн түштүк тарабынан Т.Өмүрзаков  көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарыбанан айылдын башындагы токойго чейинки ʏйлөр толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 2705

 

№2 Мектеп шайлоо округу (УШК №4002), мандаттын саны 4. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Ат-Башы айылы, М.Өмүракунов көч. №91. 

Борбору:  К.Мамбеталиев атындагы орто мектеп.

Чек арасы: Ат-Башы  айылынын М.Казиев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки А.Сулайманов көчөсʏнʏн  кʏн чыгыш тарабы,С.Абыкеев  көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки Т.Өмʏрзаков көчөсʏнʏн кʏн батыш тарабы, Т.Өмʏрзаков көчөсʏнөн А.Сулайманов көчөсʏнө чейинки М.Өмʏракунов көчөсʏнʏн тʏндʏк тарабынан тоонун тʏбʏнө чейинки жайгашкан ʏйлөр, Т.Өмүрзаков көчөсүнөн райондук УОС мекемесине чейин Ат-Башы көчөсүнүн түндүк тарабы,  Ак-Өргөө, Улан, Улан-2  жаңы конушуштары  жана Чар, Сары-Гоо калк отурукташкан аймактары  толук  кирет.

Шайлоочулардын саны: 2101

 

№3 Чатыр-Көл шайлоо округу (УШК №4003), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

дареги: Ат-Башы айылы, , М.Өмүракунов көч. №129.  

Борбору:  №32 кесипчилик техникалык окуу жайынын имараты.

Чек арасы: Ат-Башы  айылынын Ж.Чоробаев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки А.Сулайманов көчөсʏнʏн  кʏн чыгыш тарабы, Тянь-Шань көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки С.Мамытов көчөсʏнʏн кʏн батыш тарабы, C.Мамытов көчөсʏнөн  А.Сулайманов көчөсʏнө чейинки М.Өмʏракунов көчөсʏнʏн тʏштʏк тарабынан Ат-Башы суусуна  чейинки жайгашкан ʏйлөр   толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 1419.

 

№4 Таш-Рабат шайлоо округу (УШК №4005), мандаттын саны 4. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.

дареги: Ат-Башы айылы, , М.Өмүракунов көч. № 167.  

Борбору:  Ат-Башы райондук ветеринардык борборунун имараты.

Чек арасы: Ат-Башы  айылынын С.Абыкеев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки К.Имеров көчөсʏнʏн  кʏн чыгыш тарабы, М.Казиев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки А.Сулайманов көчөсʏнʏн кʏн батыш тарабы, А.Сулайманов көчөсʏнөн Т.Имеров көчөсʏнө чейинки  М.Өмʏракунов көчөсʏнʏн тʏндʏк тарабынан тоонун тʏбʏнө чейинки жайгашкан ʏйлөр толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 2038.

 

№5 Чеч-Дөбө, Көк-Жар шайлоо округу (УШК №4004, 4006),  мандаттын саны 4. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

дареги:  Ат-Башы айылы, , М.Өмүракунов көч. № 188.  

Борбору:  Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун  имараты.

Чек арасы: Ат-Башы  айылынын Ж.Чоробаев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки А.Сулайманов көчөсʏнʏн  кʏн батыш тарабы,  Ж. Чоробаев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки К.Имеров көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарабы, А.Сулайманов көчөсʏнөн Т.Имеров көчөсʏнө чейинки  М.Өмʏракунов көчөсʏнʏн тʏштʏк тарабынан Ат-Башы суусуна  чейинки жайгашкан ʏйлөр   толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 1118

 

Көк-Жар (УШК №4006),

дареги:  Ат-Башы айылы, , М.Өмүракунов көч. № 258.  

Борбору:  Ат-Башы райондук №20 Жол тейлөө ишканасынын имараты.

Чек арасы: Ат-Башы  айылынын С.Абыкеев көчөсʏнөн Чеч-Дөбө  көчөсʏнө чейинки К.Имеров көчөсʏнʏн  кʏн батыш тарабынан Ат-Башы айылынын кʏн батыш тарабындагы токойго чейинки  жайгашкан ʏйлөр толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 1421

 

№6 Ак-Жар шайлоо округу (УШК №4007). мандаттын саны 5. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

Дареги: Ак-Жар айылы, , К.Абдраев көч. № 45. 

 Борбору:  А.Жаналиев атындагы орто мектебинин имараты.

Чек арасы: Ак-Жар  айылынын калк отурукташкан аймагы, бөксө кыштоолор кирет.

Шайлоочулардын саны: 2666.

 

№7 Ача-Кайыӊды шайлоо округу (УШК №4017). мандаттын саны 3 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн   резерв

Дареги: Ача-Кайыӊды айылы,  М.Токтогонов   көч. №25.  

Борбору:  Ой-Терскен атындагы  орто мектебинин имараты.

Чек арасы:  Ача-Кайынды айылынын калк отурукташкан аймагы боюнча батыштан чыгышты карай Кадыр агай көчөсүнөн М.Сариев көчөсүнө чейин жана бөксө кыштоолор кирет.

Шайлоочулардын саны:  1489

 

№8 Ой-Терскен шайлоо округу (УШК №4171). мандаттын саны 3 анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн   резерв

Дареги: Ача-Кайыӊды айылы,  Т.Кермакунов  көч. № 2.  

Борбору: Ача-Кайынды балдар бакчасынын  имараты.

Чек арасы: Ача-Кайынды айылынын калк отурукташкан аймагы боюнча батыштан чыгышты карай М.Калмурзаев көчөсүнөн Мамбетакун көчөсүнө чейин жана бөксө кыштоолор кирет.

Шайлоочулардын саны:  1857

 

  1. Бул чечим Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

 

 

         

       Төрага                                                                                           Э. Толубаев                                                                                                                                                                                                                                                                  

                                                                                                           

                                                                                                             

 

 

                                                                                                                                                    Каттоо № 93    

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет