Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төлөнүүчү акча каражатынын тарифин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ №20-4

 

28-август 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

                                

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төлөнүүчү акча каражатынын тарифин бекитүү жөнүндө

 

2023-жылдын 11-августундагы №179 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-главасынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төлөнүүчү акча каражатынын тарифин бекитип берүү жөнүндөгү бала бакча жетекчилеринин жазган кайрылууларынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган  бала-бакчалардагы тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взнос 1200 ( бир мин эки жүз) сом өлчөмүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү менен бекитилсин;
  1. Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы бала бакчалардын жетекчилерине милдеттендирилсин;
  1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү 5 бала бакчага 2 000 000 (эки миллион) сомго кошумча план берүү жагы суралсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго тапшырылсын. 

 

 

           Төрага                                                                                        Э. Толубаев

 

 

                                                                                                                             Каттоо № 91

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет