2024-жылдын бюджетинде бекитилген каражаттардан зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдыруу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ №20-3

 

28-август 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

2024-жылдын бюджетинде бекитилген каражаттардан зарыл

                                                              болгон чыгымдоо статьяларга жылдыруу жөнүндө                                                                                            

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровдун, айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу  төрагасы Э. Абдымаликовдун 2024-жылдын бюджетинде бекитилген каражаттардан зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдырып берүү жөнүндөгү берген билдирүүлөрүнүн негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:              

  1. 2024-жылдын бюджетинде бекитилген айыл өкмөтүнүн аппаратынан туура эмес коюлуп калган статьялар башка статьяларга өзгөртүлсүн жана айыл өкмөтүнө тиешелүү ар бир мектеп, бала бакчаларга каралган акча каражаттар суммалары өзгөртүлбөстөн зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдырылып берилсин;
  1. Жогорудагы  жылдырылган каражаттардын аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р. Докоевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                               Э. Толубаев   

 

 

                                                                                                                                                        Каттоо № 90

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет