Ача-Кайыңды айылынын башкы планы бекитилет.
Урматтуу Ача-Кайыңды айылынын тургундары!
Ача-Кайыңды айылынын башкы планын бекитүү боюнча маселе 2024-жылдын 12-сентябрында өтүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында каралаарын билдиребиз. Ача-Кайыңды айылынын башкы планы 1974-жылдагы башкы пландын негизинде иштелип чыгып, Шаар куруу жана архитектура департаментинин адистери тарабынан чийилди.