Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз келбеген депутаттардын мандатын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-13
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз келбеген депутаттардын мандатын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жыл ичинде айылдык кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз төрт жолудан ашык катышпагандыгы үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Сасанова Эльмира Карагуловнага жана Өмүрбек уулу Кожомуратка сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документтерин тапшыруу жагы эскертилсин;
- Бул токтом менен жогорудагы депутаттарды тааныштыруу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 87