Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомуна өзгөртүү киргизү
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-12
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Жаныбек уулу Анарбектин берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелеринин 12-пунктундагы “жайкысын” деген сөздөн кийин “2024-жылдын 1-июнунан тартып 1-октябрына чейин” деген сөздөр менен толукталсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 86