Юрист кызмат ордуна сынак жарыялайбыз
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85
1.Айыл өкмөттүн башкы адиси - юристи.
Квалификациялык талаптар:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим(юридикалык);
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- КР Салык кодексин;
- КР Эмгек кодексин;
- КР Жер кодексин;
- КР Бюджеттик кодексин;
- КР«Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексин;
- КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы;
- КР « Нотариат жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамын;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
Кызматтык милдеттери:
- айыл өкмөт тарабынан даярдалган буйрук, токтомдордун мыйзамдуулугун кароо жана тиешелүү сунуштарды киргизүү;
- соттук отурумдарда, ошондой эле башка укук коргоо органдарында айыл өкмөттүн кызыкчылыгын жана укугун коргоо;
- айыл аймактын аксакалдар сотуна, аялдар кеңешине, карыялар кеңешине жана жаштар уюмдарына практикалык жардамдарды көрсөтүү жана алардын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81