Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-11
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде турган жер аянтын муниципалдык
менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Таза суунун резервуары турган жер аянты Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде тургандыктан 200 (эки жүз) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын;
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 85