Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндөгү” №1-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-10
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндөгү” №1-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешине жаңы келген депутаттарды туруктуу комиссияларга бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндөгү” №1-4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамы “С. Аттокурова” деген сөз менен толукталсын;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “У. Мелис уулу” деген сөз алынып салынып, ордуна “Т. Ыдырысов” деген сөз менен толукталсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 84