Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасына иш кагаздарын алып баруучу (ТТП) штаттык бирдигин киргизүү
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-9
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасына иш кагаздарын алып баруучу (ТТП) штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун жергиликтүү кеңештердин штаттык санынын чеги бекитилген 5-тиркемесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасына иш кагаздарын алып баруучу (техникалык тейлөөчү персонал) штаттык бирдиги киргизилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын алып баруучусунун айлык акысын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 83