Ат-Башы айылындагы автобекетке муниципалдык менчикте турган жер аянтын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-5
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы автобекетке муниципалдык менчикте турган жер аянтын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы автобекетте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу автобекеттин муниципалдык менчиктеги жерге чыгып кеткен жер аянтын коомдук муктаждыкка берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү тарабынан берилген башкы планга ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган автобекеттин түштүк тарабындагы 150 (бир жүз элүү) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айылындагы автобекетке берүүгө макулдук берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 79