Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кызматтык автоунаа алуу үчүн бөлүнүп берилген акча каражатынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМ № 2-1 ПОСТАНОВЛЕНИЕ
25-май 2018-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кызматтык автоунаа алуу үчүн бөлүнүп берилген акча каражатынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кызматтык автоунаа алуу үчүн бөлүнүп бекитилип берилген 750,0 ( жети жүз элүү )миң сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кызматтык автоунаа алуу үчүн бөлүнүп бекитилип берилген 750,0 ( жети жүз элүү )миң сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан, төмөндөгүдөй багыттарга пайдалануу үчүн бөлүштүрүлсүн:
1. Жайыт комитетине, эксковатор алуу үчүн кошумча өздүк салым 268 400 сом
2. Ат-Башы айылына вет пункт салууга өздүк салым 194 200 сом
3. Ат-Башы айылынын жолдоруна жол белги алуу жана орнотуу 50 000 сом
4. Айыл өкмөттүн архивине 5000 сом
5. Чарбалык товарларга 119 400 сом
6. Кызматтык автоунаага тетиктерди алууга 50 000 сом
7. Ат-Башы айылынын борбордук көчөсүнө видео камера алуу 50 000 сом
8. Ат-Башы айыл өкмөтүнө гербдик жана кызматтык пайдаланууга мөөрлөрдү жасатууга 13 000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 13