Лизинг аркылуу алынган техникаларды “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-2
20-июнь 2024-жыл Ат-Башы айылы
Лизинг аркылуу алынган техникаларды “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Ы. Мөндүрбаеванын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “РСК Банк” ААК аркылуу лизингге алынган ZZ3327S3847E үлгүсүндөгү 2 даана Хово жана R140W-9S үлгүсүндөгү 1 даана Хёндай экскаватору “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 76