Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-6
30-апрель 2024-жыл Ат-Башы айылы
Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал
башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндө
Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөнүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевге милдеттендирилсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 74