-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү” №7-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын

ТОКТОМУ №18-4

 

30-апрель 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы  “Ат-Башы  айыл  аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү” №7-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин сунушун угуп жана талкуулап,  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы “Ат-Башы  айыл  аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү” №7-4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 
  1. 2-пункту жараксыз деп табылып, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жайгашкан мекеме-ишканалардын  ар бир кызматкерине же жумушчусуна 100 сомдон жылына жана жеке ишкерлер, ишкерлик менен алектенген юридикалык жактар жылына 100 сомдон жылдын 30-октябрына чейин төлөшсүн;

  1. 4-пунктагы “ай сайын” деген сөздөр “жылына” деген сөз менен алмаштырылсын;
  2. 5-пунктагы “башкы бухгалтерине” деген сөздөр “финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

 

     Төрага                           Э. Толубаев                                                                                                                                                      

 

                                                                                                            

                                                                                                            Каттоо № 72

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет