“Акжар-Сезими” бала бакчасынын жана №1 К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин 3 айга балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдү бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-3
30-апрель 2024-жыл Ат-Башы айылы
“Акжар-Сезими” бала бакчасынын жана №1 К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин 3 айга балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдү бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катын кароо жөнүндө
“Акжар-Сезими” бала бакчасынын директору С. Пазылахунованын сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Акжар-Сезими” бала бакчасынын жана №1 К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин 3 айга балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдү бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катын кароо жөнүндөгү маселе кароосуз калтырылсын;
- Көпчүлүк ата-энелердин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан бала бакчалардын жыл бою үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып берүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыровго кайрылуу кат жөнөтүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 71