Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын

ТОКТОМУ №18-2

30-апрель 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевдин берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:     

  1. Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын жайыт комитетинин төрагаларына жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевге  милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

 

        

     Төрага                       Э. Толубаев                                                                                                                                                       

                                                                                                      

                                                                                                            Каттоо № 70

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын кеңешинин

2024-жылдын 30-апрериндеги кезексиз

ХVIII сессиясынын №18-2 токтомуна

                                                                                               1-тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин

2024-жылга карата ички тартип эрежелери

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын тургундары  жайыт акыга  ар бир баш кой-эчкиге 20 сомдон төлөсүн. Бодо малга 100 сомдон төлөсүн;
  2. Жайыт акысы башка айыл өкмөттөрүнүн жайыттарына жайлап келсе дагы Ат-Башы айыл аймагынын муниципалдык ишканасына төлөнсүн;
  3. Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;
  4. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 токтонунун талаптарына ылайык иш алып барылсын;  
  5. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайыт жерлеринин кыртышын бузууга жол берилбесин;
  6. Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 10 сомдон акы алынсын;
  7. Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
  8. Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көрсөтүлгөн көчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;
  9. Ички жайыттарга 2024-жылдын 10-майынан калбай көчүрүлсүн;
  10. 2024-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт кызматкерлери,  жер пайдалануучулар  менен биргеликте корук уюштурулсун;
  11. Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге 1(бир) баш  атка уруксат берилсин;
  12. Жайкысын ички жайыттардан бир да малчы калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн;
  13. Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары  айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн;
  14. Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;

     -1 баш бодо малга 1000 (бир миң)сом.

     -1 баш кой, эчкиге 100 (бир жүз)сом.

  1. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жайыт жерлеринин айланасын тосууга тыюу салынсын;
  2. Жайлоодон көчүп келүү дыйкандардын ооруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин уруксат берилсин;
  3. Ушул ички тартип эрежелерин бузган жарандарга мыйзамга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын Аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет