Ат-Башы айылындагы Омурзаков Токторбай атындагы көчөнү баштапкы абалга келтирип, көчөнүн жайгашуусун аныктап берүү жөнүндөгү Нарын шаарынын тургуну Омурзаков Жыргалбек Токторбаевичтин арызын кароо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын

ТОКТОМУ №18-1

 

30-апрель 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айылындагы Омурзаков Токторбай атындагы көчөнү баштапкы абалга келтирип, көчөнүн жайгашуусун аныктап берүү жөнүндөгү Нарын шаарынын тургуну Омурзаков Жыргалбек Токторбаевичтин арызын кароо жөнүндө

 

Ат-Башы айылындагы Омурзаков Токторбай атындагы көчөнү баштапкы абалга келтирип, көчөнүн жайгашуусун аныктап берүү жөнүндөгү Нарын шаарынын тургуну Омурзаков Жыргалбек Токторбаевичтин 2024-жылдын 27-февралында жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айылынын мурдагы Нарын көчөсү, азыркы Омурзаков Токторбай атындагы көчөнүн ортосун кесип өткөн көчөгө Абыкеев Сартбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңештин баштапкы чечимдери архивден табылбагандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIII сессиясында каралган 2004-жылдын 9-сентябрындагы “Атбашы айылындагы Нарын көчөсүнө маркум Омурзаков Токторбайдын ысымын ыйгарып берүү боюнча айылдын Ата Мекендик Согуштун жана Эмгектин ардагерлеринин кайрылуусу жана Атбашы айылынын №6 кварталынын өкүлчүлүктөр жыйынынын 21-август 2004-жылдагы чогулушунун №3 токтомун бекитүү жөнүндөгү” №23-4 сандуу чечиминин негизинде Ат-Башы айылынын мурдагы Нарын көчөсүнө эл үчүн жасаган эмгегин баалап, атын түбөлүккө калтыруу максатында Омурзаков Токторбайдын ысымы ыйгарылган көчөнүн Абыкеев Сартбай болуп катталып калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурдагы калыбына келтирилсин;
  1.  Омурзаков Токторбай атындагы көчөсүн калыбына келтирүү боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А. Каленовго жана өзгөчө кырдаалдар, муниципалдык менчик иштери боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергеновго милдеттендирилсин;
  1.  Көчөнүн атын өзгөртүү боюнча келтирилген чыгымдарды каржылоо жагы Нарын шаарынын тургуну Омурзаков Жыргалбек Токторбаевичке милдеттендирилсин;   
  1. Көчөнүн атын өзгөртүү жана ошол аймакта жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

     

          Төрага                         Э. Толубаев                                                                                                                                                                                                                                                                  

                                                                                                           

                                                                                                              Каттоо № 69  

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет