Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ №17-2
22-апрель 2024-жыл Ат-Башы айылы
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын
чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин;
- Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
- Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 68