Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясында кабыл алынган 2024-жылдын 19-апрелиндеги №16-1 “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ №17-1
22-апрель 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезексиз XVI сессиясында кабыл алынган 2024-жылдын 19-апрелиндеги №16-1 “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 17.8 пунктуна ылайык депутаттарды сессияга чакырууда материалдар алдын ала таратылбагандыктан Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы мыйзамсыз өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясында кабыл алынган 2024-жылдын 22-апрелиндеги №16-1 “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин чек арасын аныктоо жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 67