Ат-Башы айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары! Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү жөнүндөгү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 22-декабрь 2017-жылдагы №212-б буйругун ишке ашыруу максатында, Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 8-январында №3-б буйругу чыгарылып, аткарууга жана жетекчиликке алынган.
Ат-Башы айылында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча айыл өкмөтүндө комиссия түзүлгөн, ошондой эле 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу, токтотулсун деп белгиленген.