Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ №16-1
19-апрель 2024-жыл Ат-Башы айылы
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын
чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондугуна байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Күн тартибиндеги “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” маселе көпчүлүк депутаттардын колдоосуна алынбагандыгы белгиленсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 66