Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы “Айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын

 

ТОКТОМУ №15-3

 

4-апрель 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы

“Айыл   аймактарды  бириктирүүдө  келип  түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча  каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы “Айыл   аймактарды  бириктирүүдө  келип  түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча  каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  
  1. 2-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:

      РСК Банк” ААК аркылуу 5 жылдык мөөнөткө лизингге 17 % пайыз менен ZZ3327S3847E  үлгүсүндөгү 2 даана Хово жана R140W-9S үлгүсүндөгү 1 даана Хёндай эксковаторун алууга макулдук берилсин;

  1. 3-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:

      Өздүк салымдан сырткары “РСК Банк” ААКнан алынуучу лизингдин суммасы 11 392 200 (он бир миллион үч жүз токсон эки миң эки жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин;

  1.  2-пункт менен жазылган “Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;” деген сөздөр алынып салынып, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;

 

         Төрага                                                         Э. Толубаев                                                                                                                                                      

                                                                                                              

                                                                                                              Каттоо № 65  

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет