Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу Ак-Жар айылынын “Көбөргөн-Сай” чөлкөмүндөгү суу топтоочу резервуар куруу үчүн жалпы 0,80 га жер участогун которууга (трасформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын

 

ТОКТОМУ №15-2

 

4-апрель 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу Ак-Жар айылынын “Көбөргөн-Сай” чөлкөмүндөгү суу топтоочу резервуар куруу үчүн жалпы 0,80 га жер участогун которууга (трасформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын  Ат-Башы филиалынын директору С.К. Садыковдун кайрылуу катынын негизинде Ат-Башы  айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчик иштерин башкаруу боюнча башкы адиси А.Каленовдун берген сунушун угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын “Көбөргөн-Сай” чөлкөмүндөгү №2651 контурдан жалпы 0,80 га жер аянтын суу топтоочу резервуар куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
  1.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин;
  1.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

     Төрага                                                                                                                Э. Толубаев

                                                                                                                                              

 

                                                                                                              

                                                                                                              Каттоо № 64  

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет