Таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу долбоору жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-4
13-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу долбоору жөнүндө
Ак-Жар айылына таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу боюнча долбоор жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) 2024-жылдын 6-мартындагы чыгыш №05-153 сандуу кайрылуу катынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашып жаткан Ак-Жар айылына таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу жөнүндөгү долбоор Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин;
- Бул долбоорду ишке ашыруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 62