Ат-Башы айыл аймагында ичүүчү таза суу тармактарынын курулушун курууга макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-3
13-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагында ичүүчү таза суу тармактарынын курулушун курууга макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчик иштерин башкаруу боюнча башкы адиси А.Каленовдун жана айылдык кенештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде Азия Өнүктүрүү Банкы (АБР) тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан таза суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Башы, Ак-Жар айылдарына жана Ак-Өргө конушуна “Кыргызгипрострой” ААК тарабынан даярдалган долбоордук-сметалык документтеринде көрсөтүлгөндөй Ат-Башы айыл аймагында ичүүчү таза суу тармактарынын курулушун курууга макулдук берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Башы, Ак-Жар айылдарына жана Ак-Өргө конушуна Ат-Башы айыл аймагында ичүүчү таза суу тармактарынын курулушун курууга макулдук берилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз VII сессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы “Ат-Башы токой чарбасына тиешелүү 2,19 га жер аянтын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19 га жер аянты менен алмашуу жөнүндөгү” №7-3 токтому жокко чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык таза суунун башкы суу топтоочу жайы Ат-Башы токой чарбасынын жеринде жайгашкандыктан, 86-кварталынын 2-3-бөлүмчөсүндө (выдел) жайгашкан 4,05 га токой фондусундагы жерге Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылына тиешелүү болгон №24-51, 24-53, 24-55 контурларындагы жалпы аянты 4,05 га жерлерди алмашууга макулдук берилсин;
- Ичүүчү таза суу тармактарынын курулушун курууга көмөк көрсөтүү, курулуш иштерин пландуу жүргүзүү жана көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 61