2024-2025-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитип берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-2
13-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
2024-2025-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитип берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга 2024-2025-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ |
Техникалардын түрү |
Өлчөө бирдиги |
Катуу грунт |
Кошумча май л. (диз.топливо) |
Жүктөөлөр 1 рейс |
1 |
Эксковатор |
1 м3 |
150 сом |
|
800 сом |
2 |
Камаз |
1 рейс |
1700 сом |
|
|
3 |
МТЗ-82 |
1 га |
1500 сом |
25 л. |
|
4 |
Мусоровоз |
1 рейс |
1000 сом |
|
|
5 |
Комбайн |
1 га |
2300 сом |
25 л. |
|
6 |
Погрузчик |
1м/саат |
1500 сом |
30 л. |
|
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Антимонополия мекемеси менен макулдашуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 60