Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-мартындагы №13-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-1
13-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-мартындагы
№13-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-мартындагы №13-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-мартындагы №13-5 токтомунун 14-пунктундагы “Ат-Башы-Ача-Кайыңды жолуна тротуар – 3 500 000 сом;” деген сөздөр алынып салынып, ордуна “Жыл ичиндеги архитектуралык кызматтарга ПСД үчүн – 3 500 000 сом; (Ат-Башы-Ача-Кайыңды жолуна тротуарга ПСД, стим.грант Ак-Жар, Ача-Кайынды ПСД, К.Мамбеталиев, Ой-Терскен, Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептерине ПСД, Босого, Химия, Ак-Өргө, Ак-Жар чөлкөмдөрүнө бала бакчаларды куруу үчүн ПСД ж.б.)” деген сөздөр менен толукталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго тапшырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 59