Бала бакчалардын ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төгүлүүчү акча каражатынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ №13-8
2-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Бала бакчалардын ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төгүлүүчү акча каражатынын тарифин бекитүү жөнүндө
Бала бакчалардын ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төгүлүүчү акча каражатынын тарифин бекитип берүү жөнүндөгү бала бакча директорлорунун жазган кайрылууларын канааттандыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жылдын 1-январынан тартып Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган бала-бакчалардагы тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төгүлүүчү взнос 800 ( сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 58