“Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл” номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга техника алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ №13-7
2-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл” номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга техника алуу жөнүндө
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл” номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга техника алуу жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл” номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга 2 техника алуу сунушу жактырылсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 57