Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №13-5

2-март 2024-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо  жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо  боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевдин жана  финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                         

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2024-жылдын       1-январына карата 29 431 800 (жыйырма тогуз миллион төрт жүз отуз бир миң сегиз жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
  1. квартал башчыларына сый акы – 197 000 сом; (3000x14x4квартал*17,25%)
  2. келишим менен иштеген жумушчу кызматчыларга – 907 600 сом;
  3. комбайн лизинг жылдык төлөм үчүн – 1 510 000 сом;
  4. комбайн лизинг жылдык төлөм үчүн – 892 200 сом;
  5. лизинг РСК банк алынуучу техника – 3 500 000 сом;
  6. жабык типтеги спорт комплекс ПСД үчүн – 2 160 000 сом;
  7. таштандыны кайра иштетүүчү “CLEAN GREEN VILLAGE” өндүрүш цехин куруу долбооруна өздүк салым катары (АРИС) – 1 500 000 сом;  
  8. спорттук инвентарга – 200 000 сом;
  9. жайыт – 662 300 сом;
  10. трансформатор орнотуу, электр линияларын тартууга – 8 201 700 сом;
  11. К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин крышасын чатырлоого кошумча каражат – 201 000 сом;
  12. жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн – 500 000 сом;
  13. “Кошой” эстелигин  жана “Жеңиш” паркын реставрациялоо иштерине – 5 000 000 сом;
  14. Ат-Башы-Ача-Кайыңды жолуна тротуар – 3 500 000 сом;
  15. Боз үй алууга – 500 000 сом.

                                                                                                         

  1. 2024-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 1 703 900 (бир миллион жети жүз үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, пайдаланылсын:
  1. айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак-ашы үчүн – 1 038 900 сом
  2. тазалык жыйым үчүн – 222 300 сом;
  3. сугат суу – 66 200 сом;
  4. таза суу – 376 500 сом.
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

 

            Төрага                                                                                        Э. Толубаев

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 55

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет