Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ №13-3
2-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндөгү” №1-4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “М.Ноорузбаев, А. Качкынова” деген сөздөр алынып салынып, ордуна “А.Шүкүрбеков, Ө.Турдукожо уулу” деген сөздөр менен толукталсын;
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “Э. Сооронбаев” деген сөз алынып салынсын;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “Н.Темирбек кызы” деген сөз алынып салынып, ордуна “А. Качкынова” деген сөз менен толукталсын.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 53