Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ №13-2
2-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык өткөрүлгөндүгүн эске алуу менен айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу жана эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Сооронбаев Эрулан шайлангандыгы белгиленсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 52