Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ №13-1
2-март 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: М. Турдумбаева
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: А. Жаныбек уулу
Ж. Асыпбеков
- Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо калыс, таза жүргүзүү жагы тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 51