жаңы “Бишкек автобекет”
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында облус ичиндеги, шаар четиндеги, шаарлар аралык жана эл аралык каттамдарды тейлеген эки автобекет жайгашкан. Аталган автобекеттер бүгүнкү күндө эскилиги жетип, шаардын борбордук бөлүгүнө жакын жайгашкандыктан жол тыгындарынын пайда болушуна себеп болууда. Бишкек шаарынын жашоочуларына жагымдуу шарттарды түзүү, шаардын аймагы чоноюсун эске алуу менен анын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында шаардын чет жактарына жаңы автобекеттерди уюштуруу чечими кабыл алынган. Иш чаранын жүрүшүндө жаңы “Бишкек автобекет” аталышындагы автобекет шаардын чет жагында, тактап айтканда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын Алматинская көчөсү 1/1 дарегинде (Алматинская, Обьездной жолунун кесилишинде) ачылган. Аталган автобекет бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагына Ысык-Көл жана Нарын облусунан келген бардык автобустук каттамдарды тейлеп иш алып барып жаткандыгы тууралуу маалымдайбыз.
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү.