Аукцион откорулот!!!
Урматтуу Ат-Башы жана Ача-Кайынды айылдарынын тургундары! Ат-Башы айыл өкмөтү 2024-жылга карата айыл чарба мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен Ат-Башы айылынын № 148 контурдан 32,5 га, №203 контурдан 30га, Ача-Кайынды айылынан № 733 контурдан 22 га, №371 контурдан 5,10га, №186 контурдан 15,9га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер аянттарынын ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан ижарага аукцион өткөрүүнү жарыялайт. Аукционго катышууга арыздар 2024-жылдын 5-апрелине чейин кабыл алынат. Аукционго катышуу үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Мусуралиев Рахатбекке төмөндө көрсөтүлгөн документтерди тапшырууңуздар керек. Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 1. Арыз 2. Паспорт (көчүрмөсү) 3. Жашагандыгы туралуу справка Сурап билүү телефону. 0(3534) 23166, 0709 250721